2022-жылдын 29-декабрында Кыргызпатент Инновациялык борборунда белгилүү кинорежиссер Тимур Бекмамбетовдун жаңы эл аралык долбоорунун “Хожа Насреддин” анимациялык тасмасынын бет ачары болуп өттү. Фильмди тартуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн студияларынын биргелешкен өндүрүшү болмокчу. Долбоордун жаратуучулары анимациялык кадрларды даярдоо үчүн Анимация мектебин ачууну көздөшүүдө.
Жолугушуу Кинематография департаменти, Т.Океев атындагы УК «Кыргызфильм», Bazelevs тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен уюштурулду.
Учурда Хожа Насреддин жана Анимация мектеби тууралуу анимациялык фильмдин долбооруна Түркия, Өзбекстан, Азербайжан жана Татарстан Республикасы сыяктуу мамлекеттер катышууда жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин да кошулуусу пландалууда. Бул долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө маданият тармагындагы интеграциялык процесстерге салым кошуп, бул өлкөлөрдүн тарыхый жана маданий мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга тийиш.