2022-жылдын 6-августунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, кинооператор Манасбек Мусаевдин 80 жылдык юбилейи белгиленди.Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Шатманов С.Б., Кыргыз Республикасынын Эл артистери, кино ишмерлер жана шаардын тургундары катышты.Иш-чара сүрөт-көргөзмө, Манасбек Мусаев жөнүндө даректүу тасма жана концерттик программа менен коштолду.Эске сала кетсек, кинематография департаменти тарабынын жыл ичинде өлкөнүн баардык облустарында Манасбек Мусаевге арналган көптөгөн маданий иш-чара жана кино кербен уюштурулуп жаткандыгын маалымдайт.@kyrgyzfilm.kg