2022-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев, Ч.Айтматов атындагы Республикалык кино Үйүнүн директору Г.Керимова, Кыргызстандын Кинематографисттер уюмунун төрагасы А.Дайырбеков жана Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен биргеликте айымдардын 8-март эл аралык майрамына карата кыргыз киносунун ардагер айымдарын «Кыргыз Керемети» төш белгиси, куттуктоо каты жана белектери менен сыйланышты.