2022-жылдын 1-мартында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоорундагы кинематография тармагына тийиштүү пункттарды талкуулоо жыйыны өткөрүлдү.
Аталган жыйын КР ММСЖСМга караштуу Кинематография департаментинин жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилигинин, “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик киноборбордун жетекчилигинин, Кинотеатрлар ээлеринин ассоцияациясынын мүчөлөрүнүн жана Кинопродюссерлер ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Республиканын территориясында жүргүзүлгөн киноөндүрүш жана киножүгүртүү боюнча пукттарды камтыган Мыйзам долбооруна пикирлер жана сунуштар айтылып, киножүгүртүү жана киноөндүрүш тармактарындагы иштин спецификасы, технологиясы жана статистикалык көрсөткүчтөр, чет-элдик тажырыйба тууралуу маалыматтар берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгы катары белгиленген мыйзам долбоорундагы кинематография тармагына тийиштүү пункттардын редакциясы боюнча кинематографисттер тарабынан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына сунуш киргизүү чечими кабыл алынды.