Ч.Айтматов атындагы Кино үйү

Ч.Айтматов атындагы Республикалык кино Үйүнүн дирекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №241 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлигине караштуу Кинематография департаменти жөнүндө Жобого ылайык түзүлгөн.Ч.Айтматов атындагы кино Үйү Кинематография департаментинин ведомстволук мекемеси болуп саналат жана анын негизи милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: улуттук фильмдердин бетачарларын, чыгармачылык, кайрымдуулук  иш-чараларын өткөрөт, ата-мекендик жана чет өлкөлүк чыгармаларды, анын ичинде балдар аудиториясы үчүн тасмаларды көрсөтүүнү жана кино ардагерлери үчүн, социалдык багыттагы жаңы тасмаларды көрсөтүүнү уюштурат, ошондой эле кыргыз киносун даңазалоо максатында ар кандай семинарларды, жолугушууларды, ар кандай деңгээлдеги көргөзмөлөрдү, кинематография жана аны жайылтуу жаатындагы лекцияларды уюштурат жана өткөрөт.

Керимова Гульмира Кулустунавно — Ч.Айтматов атындагы Кино үйүнун директору

Байланыш маалыматтар
0312 30 07 56