Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы

“Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы”

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы” мамлекеттик мекемеси (мындан ары–Киностудия) мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда негизделген юридикалык жак болуп саналат.

“Кыргызфильм” киностудиясы 1941-жылы Өзбек мамлекеттик фотокинотресттин (“Өзбеккино”) корпунктунун базасында түзүлгөн жана адегенде кинохрониканын Фрунзе студиясы деп аталган (1956-жылдан баштап – көркөм жана хроникалык-документалдык фильмдердин Фрунзе студиясы). Азыркы аталышын 1961-жылы алган.

1960-1970-жылдары «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көп чыгармалары экрандаштырылган. Лариса Шепитько («Аптап»), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим») режиссёрдук чыгармачыл жолдорун Айтматовду экрандаштыруу менен башташкан. Андан кийин жергиликтүү режиссёрлор: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш окуясы», «Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн») жана Төлөмүш Океев  («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенген. 1972-жылы Болот Шамшиев истерн деп аталуучу үлгүлөрүнүн бири болгон – «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасын тарткан. Альгимантас Видугирис “Жалаң гана эркектер”, “Катастрофага жол жок” сыяктуу көркөм тасмаларын, башка даректүү тасмаларды тарткан. “Кыргыз керемети” феноменин – “Кыргызфильм” киностудиясынын гүлдөп турган мезгилин үч режиссёрдун (Океевдин, Шамшиевдин, Видугиристин) аты менен байланыштырышат.

Азыркы учурда Кыргызфильм” киностудиясы режиссёр Төлөмүш Океевдин урматына анын атын алып жүрөт.

Киностудиянын милдеттери жана функциялары

– кино өнөрүнүн жогорку көркөмдүктөгү чыгармаларын жаратуу үчүн Киностудиянын материалдык-техникалык базасын, кесипкөй кинематографисттеринин потенциалын пайдалануу;

– улуттук кино өнөрүнүн эң мыкты салттарын чагылдырган жана өнүктүргөн жогорку көркөм деңгээлдеги кино чыгармаларын жаратуу;

– киновидеофильмдерди жана башка фильмопродукциясын жаратууну уюштурууну жана технологиясын өркүндөтүү;

– мамлекеттик буюртмалар аркылуу  улуттук тасмаларды, жеке өзүнүн чарбалык ишмердигинен алынган каражаттардын эсебинен киновидео тасмаларды, министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка жеке жана юридикалык жактардын буюртмалары боюнча киновидео тасмаларды, чет мамлекеттердин киностудиялары менен биргелешкен киновидео тасмаларды өндүрүү;

– киновидеочыгармаларын жаратуучулардын чыгармачыл потенциалын ачып берүү үчүн шарт түзүү, таланттуу кинематографисттерди табуу жана колдоо.

Акжолтой Бекболотов — Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясын директору

Токабаева Айнагүл Сүйүнбековна – Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясын директорунун орун басары

Байланыш маалыматтар

Кабылдама: 0 312 344631