Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– улуттук кинематография системасын башкарууну өркүндөтүү;
– улуттук кинематографияны өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
– кыргыз элинин руханий салттарын кайра жаратууда кино өнөрүнүн ролун жогорулатуу;
– Кыргызстан элинин маданий кенчи катары мамлекеттик улуттук фильмофондду кийинки муундар үчүн сактап калуу;
– кыргыз жана дүйнөлүк кино өнөрүнүн чыгармаларына калктын жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү.
Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
– улуттук киноискусствону сактоо жана өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга катышат;
– кинематография жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгат;
– кинематография маселелерине тийиштүү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерди аткаруусун камсыз кылат;
– Департаменттин милдеттерине тийиштүү маселелерди козгогон, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгууга катышат;
– кинематография жаатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиленген тартипте жүргүзүү, кинематографиянын эл аралык уюмдарында, комиссияларда өкүлдүк кылуу, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышат;
– калкты киновидео жактан тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– кыргыз кинематографынын өндүрүштүк, техникалык, окутуучулук жана маалыматтык базасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
– мамлекеттик каражаттардын эсебинен тартылган, өндүрүшү аяктаган фильмдерди кабыл алууну жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди элге көрсөтүүнү ишке ашыруучу кинопроекциялык, видеопроекциялык, видеотелевизиондук түйүндөрдү эсепке алат;
– жалпы улуттук социалдык-маданий маанидеги фильмдердин тематикасын түзөт, аларды тартуу Департамент үчүн республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
– улуттук жана чет элдик фильмдер фонддун толтурууну жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасында жаратылган же чет өлкөлөрдөн сатылып алынган фильмдерге Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү үчүн жүгүртүү күбөлүктөрүн берүүнү жүзөгө ашырат;
– улуттук фильмге күбөлүк берүүнү жүргүзөт;
– фильмдердин мамлекеттик регистрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
– мамлекеттик кинематографиянын чыгармачыл-өндүрүштүк жана материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү, калктын калың катмарына киноискусствонун чыгармаларын жеткирүү боюнча милдеттерди ишке ашырууда кино чыгаруучулардын, кино жүгүртүүчүлөрдүн иштерин координациялайт;
– Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын тематикалык, өндүрүштүк программаларын түзүүгө контролдоо жүргүзөт;
– мамлекеттик кинотеатрлардын репертуардык саясатын координациялайт;
– кинематография мекемелеринин жана уюмдарынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө координациялоону жүргүзөт;
– Департаменттин карамагында болгон ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын ишин координациялайт жана контролдоо жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
– Көркөм кеңештин чечими менен чет өлкөлүк мыкты кино чыгармаларын мамлекеттик жана расмий тилдерге которууга көмөк көрсөтөт;
– кинематография жаатында кадрларды даярдоо, алардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүргүзөт;
– маданий программаларды, кинофестивалдарды, киножумалыктарды, фильмдердин бет ачарларын жана башкаларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурат;
– кинематографияга чыгымдар бөлүгүндө Министрликтин бюджетин түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
– кино жүгүртүү, фильмдерди тартуу чөйрөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын аудиовизуалдык рыногунун абалын изилдөөнү, талдоону жүргүзөт;
– ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын техникалык жана технологиялык деңгээлин модернизациялоону, жогорулатууну жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
– Департаменттин милдеттерине тийиштүү маселелерди чечүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте консультация, документтердин долбоорлорун даярдоо, аналитикалык, эксперттик жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн уюмдарды жана адистерди келишимдик негизде тартат;
– кино чыгаруу жана кино жүгүртүү чөйрөсүндө ата-мекендик жана чет өлкөлүк кино фирмалар жана компаниялар менен кызматташууларды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)