1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Бул иш-чарага Кинематография департаментинин директорунун орун басары Усупекова Айзада Канаровна, Ч.Айтматов атындагы кино үйүнүн директору Керимова Гульмира Кулустановна, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Полотова Жылдыз Арстанбековна жана «Назгүл Насиева коомдук фондусунун» жетекчиси Насиева Назгуль Бакыевна катышышты.
Ошондой эле, БУУнун өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында «5 Пальцев» анимациялык студиясы тарабынан тартылган «Ай Кыз» жана «Карек» киносунун фондусунан тартылган «Ля ля вум» атту мультфильмдер тартууланып, уюштуручуулардын атайын белектери балдарга тапшырылды.