Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасмасынын сценарийине сынакты кайрадан жарыялайт.
Сынактын максаты — кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында мекенчил ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо.
Сынак 2 этапта өткөрүлөт:
1-этап: 2022-жылдын 1-сентябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;
2-этап: 2022-жылдын 31-сентябрына чейин Сынактын жеңүүчүсү аныкталат.
Сынакка катышуу үчүн толук сценардык пакет тапшырылышы керек:
Көркөм тасманын сценарийинде оригиналдуу сюжети, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүү болуусу керек.
Сынакка катышууга негиз болуп сценардык пакетке толтурулган «Сынактык билдирме» болуп саналат. Сынактык билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:
Сынакка катышуучулар сынактык билдирмелерди 5 нускада жана электрондук формат менен тапшырышат. Сынактык билдирменин кагаз түрүндөгүсү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.
Сынактык билдирме конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:
Сынактын дареги жана байланыш үчүн маалыматтар:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти.
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.
Белги: «Жусуп Абдрахманов». Киносценарийлердин сынагына»
Тел.: 0312301042; 0312300265.