2022-жылдын 9-майында Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Баатыр баяны» тасмасынын бет ачаары өттү.
Кыргыз Улуттук тарых музейинде Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдиги тууралуу тасманын бет ачаары өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору М.А.Бектеналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артистери М.Мусаев, К.Абдыкулов, С.Джали, А.Суюндуков, Актан Арым Кубат, кыргыз кино индустриясынын өкүлдөрү, кеңири коомчулук жана «Баатыр баяны» тасмасынын тарткан чыгармачылык топ катышты.
Тасма 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта жан аябай мекенин коргоп, мекенине кайтпай 75 жоокерибиз Советтер союзунун баатыры наамына татыктуу болгондугу жана алардын бири унутта калган Тукубай Тайгараевдын эрдиги тууралуу баяндалат.
“Баатыр баяны” көркөм-даректүү тасмасы Советтер Союзунун маршалы А.И.Еременконун “Годы возмездия” повестинин негизинде “Катаган продакшен”, “Куткелди фильмс” жеке менчик студиялар тарабынан тартылды.