Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Г.Базаровдун 80 жылдык мааракесин белгилөө алкагында Токмок шаарындагы Космос кинотеатрында кино ишмерлердин, жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен кинокербендин ачылыш аземи болуп өттү.
2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Г.Базаровдун 80 жылдык мааракесин белгилөө алкагында Токмок шаарындагы Космос кинотеатрында кино ишмерлердин, Токмок шаарынын тургундарынын жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен кинокербендин ачылыш аземи болуп өттү. Көрүүчүлөргө Г.Базаровдун «Засада» көркөм тасмасы тартууланды. Кинокербендин алкагында болуп өткөн чыгармачылык жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамиля Сыдыкбаева катышты.