Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев, Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору А.Бекболов, «Danmon Group» (Дания) компаниясынын директору Б.С.Крестиансен жана компаниянын өкүлү Ю.Фрайбергердин жолугушуусу болуп өттү.
2022-жылдын 29-апрелинде Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев, Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору А. Бекболов, «Danmon Group» (Дания) компаниясынын директору Б.С.Крестиансен жана компаниянын өкүлү Ю.Фрайбергердин жолугушуусу болуп өттү.Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин ортосундагы кинематография тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын жабдууларын, модернизациялоо жана үн системаларын тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды.