2022-жылдын 7-апрелинде бардык Кыргызстандын областтык райондук кинодирекцияларында 7-апрель элдик революциясына арналган иш чаралар өтүүдө. Иш-чаранын алкагында, кинодирекциялар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен биргеликте парктарда көчөт отургузулуп, 7-апрель окуясында курман болгон жарандардын эстелигинде куран окулуп, атайын спорттук мелдештер уюштурулду жана кинотеатрларда Бакыт Карагуловдун “Менин жалгыз мекеним бар — ал Кыргызстан” даректүү тасмасын акысыз көрсөтүлдү.