Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар алкагында кинокербен уланууда. 2022-жылдын 8-апрелинде Талас шаарындагы «Кырк-Чоро» кинотеатрында кыргыз кереметинин түптөлүшүнө зор салым кошкондордун бири Г. Базаровдун 80 жылдыгына арналган кинокербендин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кинематография департаментинин директору М.А.Бектеналиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маданияттын ардагери К.А.Эстебесов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Э.А. Уметов, «Талас байрагы» газетасынын башкы редактору К. Иманкулов, Талас областтык мамлекеттик кинодирекциясынын директору Т.А. Досматов о.э. Талас шаарынын тургундары жана кино сүйүүчүлөр катышты. Белгилей кетсек, кинокербен март айынан тарта Жалал-Абад, Баткен, Кадамжай жана Ош шаарларында жүрүүдө. Ошондой эле,Кыргызстандын бардык аймактарында кинокербен, кыргыз киноактерлорунун, кинорежиссерлорунун чыгармачылык жолугушуулары жана Г. Базаровдун тасмаларын көрсөтүү улантылат.