2022-жылдын 6-апрелинде Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев Талас облусунун, Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатрына иш сапары менен келди.
Иш сапарынын алкагында М.Бектеналиев ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Белгилей кетсек, кинотеатрдын жетекчилигинин жана Кара-Буура элинин кайрылуусуна ылайык Талас облусунун өнүгүү Фонду тарабынан кинотеатрдын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 10 000,0 млн.сом өлчөмүндөгү каражат берилип оңдоо иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.
“Семетей” кинотеатрынын имараты 1980-жылы курулган. Калкты кино менен тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Кинематография департаменти тарабынан Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата 2015-2016-жылдары имараттын чатырынын оңдоого 450,0 миң сом бөлүнүп жана кинопроекциялык комплект менен камсыздалып көрүүчүлөрдү тейлеп келген.