2022-жылдын 30-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде “Шамбала” тасмасы көрсөтүлдү.Салтанатта Кинематография департаментинин директорунун орун басары Усубекова Айзада Канаровна, Т.Океева атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын директору Акжол Бекболов, КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Иманалиев Кайрат Олжобаевич, Роза Айтматова (Ч. Айтматовдун карындашы), Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери Шеримкулов Медеткан Шеримкулович, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев жана башкалар катышты.
Салтанатта Кайрат Олжобаевич жана Алпаслан Жейлан кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковго КТРКнын мыкты кызматкери деген атайын төш белги менен сыйлашты. «Шамбала» тасмасы көптөгөн беделдүү эл аралык кинофестивалдарда 24 сыйлыкка татыктуу болду.“Шамбала” тасмасы мамлекеттик буйуртманын негизинде Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында өндүрүлгөн.Тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.Сценарийдин автору жана режиссеру: Артыкпай СүйүндүковОператорлор: Акжол Бекболотов жана Мурат АлиевКоюучу: Толгобек КойчумановКомпозитор: Мурзали ЖээнбаевҮн инженерлери: Бакыт Ниязалиев жана Калыбек ШерниязовПродюсерлери: Медер Сүйүндүков, Гүлмира Керимова жана Элдияр МадакимБашкы ролдордо: Артур Аманалиев (Шамбала), Назрет Дубашев (тай атасы Момун), Жамиля Сыдыкбаева (тай энеси) Талант Апиев (Орозкул), Таалайкан Абазова (Бекей)