2022-жылдын Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан Жалал-Абад, Баткен, Кадамжай жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдына арналган иш-чаралар алкагында кинокербендин ачылыш аземи болуп өттү.
22-мартта Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында кыргыз кереметинин түптөлүшүнө салым кошкондордун бири, Г.Базаровдун 80 жылдыгына арналган кинокербендин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору М.А.Бектеналиев, Кыргыз Эл артисти Г.Садыбакасова, маданият жана кино ишмерлери жана кино сүйүчүлөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Азамат Капарович, департаменттин директору Мукталы Абдыбекович кинорежиссер Геннадий Базаровдун кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошконун, кыргыз кереметинин тарых барактарында татыктуу орун алганын жана кыргыз киносунун классиги катары калаарын белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдына арналган кино кербен республиканын аймактарында улантылат.