2022-жылдын 14-мартында Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясын директору А.Бекболотов жана KL Television Network Sdn. Bhd. (Малайзия) каналдын продюсери Фаиз Келими мырза менен жолугушу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ко-продукция боюнча иш алып барууга кызыктар экендигин маалымдашып, продюсер Фаиз Келими мырза ко-продукциянын бюджетинин 50% чейин колдоого даяр экендигин белгиледи.
Ошол менен бирге Кинематография департаментин директору М.Бектеналиев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК), Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясын директору А.Бекболотов жана KL Television Network Sdn. Bhd. (Малазия) Каналынын продюсери Фаиз Келими мырза менен биргеликте меморандумду даярдоо маселеси талкууланды. Малайзия тарап ко-продукциянын бюджеттин 50 пайызын колдоого даяр экендигин белгиледи Фаиз Келими мырза.
Ошондой эле улуттук тасмаларды Фаиз Келими мырза Малазияда өтүүчү «Мусулман тасмаларынын фестивалына» катышууга чакырды.